Байден: дүйнө өзөктүк согуш коркунучунда

АКШ лидери эскалацияга Россиянын жетекчилигин айыптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден кансыз согуш жана Кариб каатчылыгынан бери дүйнө биринчи жолу өзөктүк согуш коркунучунда турганын айтты. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматтарына таянып РИА Новости жазды.
Байден эскалацияга Россиянын жетекчилигин айыптаган. Ал Владимир Путин өзөктүк курал колдоном деп коркутарын эскерткен. Сентябрда президент Владимир Путин россиялыктарга кайрылуу жасап жатып Батыштын Россияга каршы саясаты чектен ашып кеткенин белгилеген. Ал Батыштын Москвага каршы массалык жок кылуучу куралдарды колдонууга өтө баштаганына токтолуп, өзөктүк курал менен коркутууга аракет кылып жаткандар, тескерисинче, анын залакасын өздөрү тартып калышы мүмкүн экенин эскерткен.
Буга чейин РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Россия өзүнүн өзөктүк куралын төрт учурда гана колдоно аларын белгилеген. https://sputnik.kg/20220827/medvedev-ozoktuk-kural-1067253160.html Ал "өзөктүк куралды кармоо жаатында мамлекеттик саясаттын негиздери" деген документ бар экенин айтып, 19-пунктунда аны колдонуу үчүн төрт негиз көрсөтүлгөнүн кошумчалаган. Маселен, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп өзөктүк ракета учурулса, өзөктүк курал колдонулса, өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн маанилүү инфраструктурага сокку урулса аталган курал колдонулушу ыктымал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Зеленскийдин Россияга сокку уруу тууралуу айткандары боюнча үн катты