Бир короо кой айдап... Валентина Шевченконун жайлоодо тартылган видеосу

Видеодо Шевченко кадимки айылдык келинден эч айырмаланбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, дүйнөлүк UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко социалдык тармактагы баракчасына жайлоодо кой айдап жүргөн видеосун жүктөдү.
Спортчу видеосуна Асылбек Өзүбековдун "Гүлдөй жан" аттуу ырын коюп, ага "Койлор жайлоодон түшүүдө" деп жазган. Видеодо Шевченко кадимки айылдык келинден эч айырмаланбайт. Анын жайлоодо кой айдап бара жатканы көпчүлүктүн купулуна толду.
Белгилей кетсек, мушкер учурда Кыргызстанда. Спортчу кыз акыркы жолу июнь айында келип кеткен. Ал соңку убакта мекенине байма-бай келүүдө.
Шевченко аралаш мушташ боюнча Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) аялдар арасындагы эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону.
Ат минип, куш салгандарды көрүп. Шевченконун Ысык-Көлдө эс алып жаткан видеосу