Таиландда мурдагы полиция кызматкери 32 кишини атып салды, көбү балдар

Окуя балдарды өнүктүрүү борборунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Таиландда мурда полиция кызматкери болуп иштеген киши балдарды өнүктүрүү борборуна ок чыгарып, анын кесепетинен 24 бала, 8 чоң адам көз жумду. Бул тууралуу Таиланддын Thai PBS телеканалына таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, ок чыгарган 34 жаштагы Панья Кхамрап полициянын мурдагы сержанты. Ал баңгизатка жакын болгондуктан иштен бошотулган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кхамрап ок чыгарып жатканда баңгизаттын таасири алдында болушу мүмкүн. Шектүү окуя болгон жерден дароо из жашырып, ага издөө жарыяланган. Акыркы маалыматтарга караганда, ал үйүнө келип аялы менен баласын өлтүрүп, өзүнүн да жанын кыйып салган.
Ижевскидеги мектепке кол салуу. Жапаров Путинге көңүл айтты