Садыр Жапаров БУУнун КРдеги координатору Гравени кабыл алды. Эмне сөз болду

Туруктуу өкүл кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чатактын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Жапаровго көңүл айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Бул туурасында БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы дайындалган туруктуу координатору Антье Граве президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон учурда айткан.
1 / 2

Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардамдарды көрсөтүүгө даяр

2 / 2

Бул туурасында БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы дайындалган туруктуу координатору Антье Граве президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон учурда айткан

Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул жолугушуу бүгүн болгондугун кабарлады.
Жапаров Гравени бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып өлкөгө көрсөтүп келе жаткан жардамы үчүн БУУнун Кыргызстандагы тутумуна ыраазычылык билдирген.
Президент Кыргызстан БУУнун уставында бекитилген жалпы таанылган максаттарды, принциптерди сактоону карманганын жана мындан ары да аларды жактоого даяр экенин айткан.
"Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Граве кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чатактын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Жапаровго көңүл айтты. Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.
Граве Кыргызстанды БУУга мүчөлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, бул кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгилеген.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кабыл алынган Кыргызстандын 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо, 2022-жылды Кыргызстанда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук" жылы деп жарыялоо жана "Жашыл Мурас" улуттук бак-дарак отургузуу өнөктүгү боюнча демилгелерине жогору баа бергени айтылды.
Граве БУУ Садыр Жапаровдун жетекчилиги астындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн реформаларын жана программаларын алдыга жылдырууну колдой турганын ырастаган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан макулдашууну бузду. Жапаров БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту