БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жарандары массалык түрдө ууланганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Элчиликтин алдын ала билдирмеси боюнча, 27 кыргызстандык курулушта иштөө үчүн Санкт-Петербургдагы "Лахта-Центр" комплексине барган. Жумуш берүүчүлөр аларды жатакана жана үч маалкы тамак менен камсыз кылышкан.
"Кыргызстандын жарандары учурда клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор текшерүү иштерин жүргүзүп, суу, тамактын үлгүлөрүн алды", — деп жазылат билдирмеде.
Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуянын жагдайын териштирип жатканын кабарлады.