Ошто бокс боюнча башталган турнирге беш өлкөдөн 150дөй спортчу катышууда

Спорттук иш-чара 9-октябрга чейин созулуп, жеңүүчүлөр "спорттун чебери" наамын алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды

2 / 3

Билдирмеге караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Ирандан 150дөн ашык спортчу катышууда

3 / 3

Турнир СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган

Билдирмеге караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Ирандан 150дөн ашык спортчу катышууда. Турнир СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган.
"Спортчулар 13 салмак категориясы боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланат", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чара 9-октябрга чейин созулуп, жеңүүчүлөр "спорттун чебери" наамын алышат.
Спортчу пенальти тебер алдында сальто жасап, андан соң гол киргизди. Видео