Радио

Нарынбеков: быйыл түшүм жылдагыга салыштырмалуу жакшы

Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков быйыл үрөн сапаттуу болгонун белгиледи.
Sputnik
Быйыл 633,3 миң тонна буудай, 1 миллион 66 миң тонна картошка жыйналды. Бул тууралуу Адилет Нарынбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көрсөткүчтөр 30-сентябрга карата берилген.

"Быйыл айыл чарбасы үчүн аба ырайы жакшы болду. Мындан тышкары, мамлекеттен бөлүнгөн каражатка сапаттуу үрөн сатып алынды. Натыйжада быйыл түшүм жылдагыга салыштырмалуу жакшы болду. Учурда кылкандуу дан эгиндери 99 пайыз, жүгөрү 50 пайыз жана картошканын 70 пайыздан ашууну жыйналып бүттү. Ошондой эле пахта, жашылча-жемиштердин кеч бышкандарын, кант кызылчасын жыйноо башталууда. Быйыл буудай 233,7 миң гектар жерге себилип, гектарынан орточо 27,2 центнерден эгин жыйналып алынды. Жалпы түшүмдүн көлөмү 633,3 миң тоннаны түздү. Ал эми 237,6 миң гектарга себилген арпа гектарына 24,5 центнер берип, жалпы 577,6 миң тонна дан алынды. Жүгөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү 66,8 центнерден болууда. Чанактуу дан өсүмдүктөр 57,1 миң гектар жерге себилген. Анын 43 пайыздайы жыйналып орточо түшүмдүүлүк 16 центнерден айланып, учурда 67,3 миң тоннасы жыйналды. Жашылча-жемиш дээрлик жыйналып бүттү. Республика боюнча 736,3 миң тонна жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң тоннадай көп болду. Ошондой эле бакча өсүмдүктөрү 195,1 тонна жыйналды. Картошка болсо 74,2 миң гектарга эгилип, 1 миллион 66 миң тоннасы жыйналып алынды", — деди Нарынбеков.

Ал оруп-жыюу иштеринин жыйынтыгы менен көрсөткүчтөр өзгөрө турганын кошумчалады.