БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. ОПЕК+ уюмуна мүчө-мамлекеттер ноябрь айынан тарта мунай өндүрүүнү суткасына эки миллион баррелге чейин кыскартууну макулдашты. Мындай маалымат уюмга мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алынган документте камтылганын РИА Новости жазды.
"2022-жылдын ноябрынан баштап ОПЕК+ жана альянска кирбеген өлкөлөр үчүн мунай өндүрүүнүн жалпы көлөмүн 2022-жылдын август айына салыштырмалуу эки миллион баррелге кыскартуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин РИА Новостинин ишенимдүү булактары Европадагы энергокаатчылыкка карабай кабыл алынган бул чечимди бардык тарап колдоп бергенин билдирген. Уюмдун мындай чечимин сындап чыккандар да болду. Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер ОПЕК+ Украинадагы чыр-чатак күч алып турганда Россияга кошулуп туура эмес, адашкан чечим кабыл алганын белгилеген.
"ОПЕК+ Россия менен бир экенин бүгүнкү кадамдан билсек болот. Биз муну туура эмес чечим деп баалайбыз", — деген ал.
Маалым болгондой, мунай өндүрүүнү кыскартуу иш жүзүндө бир топ аз болушу керек. Анткени бир катар мамлекеттер альянс уруксат берген көлөмдөн артта калып, мунайды азыраак өндүрөт. Жаңы шарт боюнча Россия ноябрдан 2023-жылдын аягына чейин суткасына 10, 478 миллион баррель өндүрө алат. Бирок вице-премьер Александр Новактын айтымында, учурда РФ мунайды бир топ эле аз чыгарууда. Азыркы өндүрүш суткасына 9,9 миллион баррелди түзөт. ОПЕК+ альянсынын план боюнча кийинки жолугушуусу 4-декабрда өтөрү айтылды. Ал эми 5-декабрдан тарта Россиядан чыккан мунай ЕБ өлкөлөрүнө деңиз аркылуу жеткирилбей калат, тагыраагы, эмбарго расмий күчүнө кирет.