Кыргызстандык үч оор атлетчи Азия чемпионатына катышат

Чемпионат Бахрейндин Манама шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Чемпионат 5-15-октябрь күндөрү Бахрейндин Манама шаарында өтөт.
Ага Ишенбек Муратбек уулу (61 кг), Эмил Молдодосов (89 кг), Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) катышат.
Спортчуларду улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев коштоп барат.
Бишкекте теннис боюнча республиканын чемпионаты өтөт