Мишустин: Батыштын Россияга карата кысымына референдумдар шылтоо болду

Өкмөт башчы кысымдын жаңы ыкмалары болуп жатканын, бирок Россия ультиматумдар тилин кабыл албай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жамааттык Батыштын Россияга карата жаңыча кысымынын шылтоосу ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарында өткөн референдумдар болуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Михаил Мишустин Москвада өткөн Каспий экономикалык форумунда айтты.
"Россиянын курамына жан дүйнөсү, маданияты биздин өлкөдө калган аймактар, жашоочулар кирди. Алар каалоосун ачык билдирип, референдумдун жыйынтыгы аркылуу кошулду", — деди Мишустин.
Премьер-министр бул тарыхый окуя Батыштын басым көрсөтүүсүнүн кезектеги жаңы илинчеги болуп калганын белгиледи.
"Анткен менен биз үчүн ультиматумдар тили кабыл алынгыс, түшүнүксүз тил. Бир дагы мамлекет өзүнүн каалоосун башка өлкөгө таңуулаганга, ал эле эмес жөнөкөй жарандар менен жеке ишкерлердин кызыкчылыктарына таасир этүүчү басымдын ыкмаларын пайдаланууга укугу жок", — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, Мишустин Россияга киргизилген санкциялар боюнча да сөз сүйлөп, бийлик киргизилген чектөөлөр узакка созулат деп божомолдогонун кошумчалады.

"Бийлик Россияга каршы чектөө чаралары көпкө созулат деп эсептейт. Мындан улам бардык тобокелдиктер эске алынды, алардын кесепетин азайтуу чараларын иштеп чыгабыз. Мындай шартта башкы милдет — жарандардын кызыкчылыгын коргоо, экономиканын муктаждыктарын камсыздоо боюнча иш жүргүзүү. Азыр жасалып жаткан аракеттерди аягына чыгарып, санкцияга жооп кайтаруунун кошумча механизмдерин табабыз", — деди ал.

Каспий экономикалык форуму Москва шаарында 5-6-октябрь күндөрү өттү. Ага Азербайжандын премьери Али Идаят оглу Асадов, Казакстандын премьери Алихан Смаилов, Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер жана Түркмөнстандын премьер-министри Ходжамырат Гелдымурадов катышууда.
Батыш РФ мунайынын баасына чек коюуну пландоодо. Москва контрчабуул жасашы мүмкүн