Баткенде курман болгон жоокерлердин аллеясын ачуу пландалууда

Учурда өкмөттүн аллеяны кайсы жерге жайгаштырууну караштырып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Тажикстандын кол салуусунан курман болгон баатыр жоокерлердин аллеясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламентте билдирди.
"Азыр мамлекеттик комиссия иштеп жатат, наам, сыйлыктар ирети менен каралат. Курман болгон жоокерлердин аллеясы ачылат. Таштан (эстелик) тургузуп, сүрөттөрүн коюп, аттарын жазабыз. Кийин убакыт өтсө, ал жерде эскерүү күндөрү болот, курман болгон жоокерлерге таазим этүүчү жай болот", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал учурда аллеяны кайсы жерге жайгаштыруу каралып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыштын кесепетинен 62 адам көз жумган. Алардын ичинен Мекенди коргогон 50 жоокер өмүрүн берип, курман болгон.
Чек арада курман болгон аскерлердин элесине Бишкекте баннер орнотулду. Сүрөт