"Сасык тумоо, курч респиратордук вирустуу инфекциялар жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал күчөгөн учурда Саламаттык сактоо министрлиги калкты бустердик доза менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда. Бустердик доза сунушталган адамдар вакцина алууга тийиш. Биринчи кезекте улгайган, өнөкөт оорусу бар адамдар, медицина кызматкерлери жана кош бойлуу аялдар эмделет. Иммунитети начар адамдар COVID-19га каршы баштапкы эмдөө алгандан 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алганы оң. Иммундук системасы алсыз адамдар вакцинанын биринчи жана экинчи дозаларын алгандан кийин COVID-19га каршы жетиштүү иммунитет дайыма эле иштелип чыга бербейт. Ошондуктан аларга вакцинанын кошумча дозасын алуу талап кылынат. Ооруну алдын алуунун бирден-бир жолу — эмдөө", — деди Макилова.