БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эртең президент (Владимир Путин - ред.) Санкт-Петербургда иштейт... Эл аралык телефондук сүйлөшүүлөр (пландалган – ред.) бар, сиздерге маалымат беребиз. Түш ченде КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлери менен бейформал жолугушуусу болот", — деп билдирген ал журналисттерге.
Песковдун айтымына караганда, жолугушуу Константиновский сарайында өтөт. Россия лидеринин маалымат катчысы муну келерки жумада боло турган КМШ саммитине даярдыктын алкагында жүрө турган өтө маанилүү иш-чара деп атады.
Песков КМШ президенттери РФ лидери менен бир жыл эмес көп убакыттан бери тааныш болгондуктан Владимир Путинди юбилейи менен куттуктай турганын четке каккан жок.
КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу 2021-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн. Анда Путин түндүк борборго башка президенттерди жаңы жылдын алдында, 28-декабрда, чакырган.