БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Индияда диний ырым-жырымдарды жасап жаткан адамдар дарыянын суусуна агып кетишти. Мындай маалыматты Индиянын The Hindu гезити жазып чыкты.
Кырсык шаршембиде Жалпайгури аймагында Дурга кудайына сыйынуу майрамында болгон. Жүздөгөн адам топтолуп, ырым-жырымын жасап жатканда суу күтүүсүздөн көбөйүп кеткен.
Маалыматта белгиленгендей, окуядан сегиз адам каза болуп, 40 кишинин дайыны билинбей жатат. Каза болгондордун арасында сегиз жашар бала жана 13 жаштагы кыз да бар экени айтылды.