"Баткен облусун куралдуу аткылоодо талкаланган турак үйлөрдү тазалоо биринчи кезекте аткарылууда. Азыр 200гө чукул үйдүн орду, жалпысынан 41 миң 720 куб метр жер тазаланды. Тазалоо иштерин кыска убакытта бүткөрүү ӨКМ министрлигине жүктөлгөн. Жеринде 250 кызматкерибиз иштеп жатат, ошондой эле тургундар көмөк көрсөтүүдө. 136 миңден ашуун жаран эвакуацияланган эле, анын 125 миңден ашууну кайра өз айылдарына кайтып келишип, республика боюнча элден жыйналган боз үйлөрдө, биздин министрлик тарабынан тигилген чатырларда жана башка социалдык объектилерде, тууган-уругунун үйүндө убактылуу баш калкалап турушат. Талкаланган 639 турак жайдан сырткары 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык объект, 135 сарай, 199 жашоо-тиричиликти камсыздоочу объектилер, 61 автокөлүк жана бир көпүрө бар. Турак жайлардын ордун тазалап бүткөн соң биздин кызматкерлер бул объектилердин урандыларын тазалоого өтүшөт. Ошондой эле иштеп жаткан техникаларды күйүүчү май менен камсыздоо дагы биздин милдетибиз. Учурда запастагы майларды иштетип жатабыз, алар кийин кайра толтурулат", — деди Айткулов.