Бактериялык инфекция менен вирустук инфекциянын айырмасы кандай? Адистин жообу

Пульмонолог адам эч качан жөн гана сууктан ооруп калбасын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Терапевт жана пульмонолог Олег Абакумов "Известия" гезитине берген маегинде бактериялык жана вирустук инфекциялардын айырмасын тизмектеп берди.
Ал белгилегендей, чындыгында "суук тийүү" деген түшүнүк жок. Демек, сууктан ооруп калуу мүмкүн эмес.
"Адам үшүп калган үчүн гана оорубайт. Суук иммунитетти алсыратат. Бирок ооруп калыш үчүн вирус же бактерия керек. Туура дарылануу үчүн бактериялык жана вирустук инфекциянын айырмасын билүү зарыл", — деди дарыгер.
Бактериялык инфекция жуктурганда дене табы көтөрүлүп, мурундан суу агат. Киши 5-7 күнгө чейин жакшы боло албайт. Айрымдар сакайып кеткенден кийин дагы оорунун экинчи толкунуна кабылат. Мындай учурда мурдагыдан дагы катуу оорушу мүмкүн.
Вирустук инфекцияга кабылганда температура 38 градустан жогору көтөрүлбөйт. Бирок мурун бүтүп, тамак ооруп, кургак жөтөл кыйнайт. Адам бат-баттан чүчкүрө берет. Жакшы жери туура дарыланган учурда киши 3-5 күндө айыгып кетет.
Ошондой эле адис бул эки түр эки башкача дарыланарын айтып, экөөнүн айырмасын ажырата билүү керектигин кошумчалады.
Шалаакылыктан ооруйт. Адис суук жаңы түшкөндө тумоонун күчөгөн себебин айтты