74 жыл илгери миңдеген адамдын өмүрүн алган Ашхабаддагы зилзала. Архивдик видео

Шаардагы жана анын айланасындагы курулуштардын урандыга айланышы үчүн бир мүнөт жетиштүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мындан 74 жыл илгери, тагыраагы, 5-октябрдан алтысына караган түнү Түркмөнстандын борбору Ашхабад калаасын зилзала дээрлик жер менен жексен кылган.
Sputnik Ближнее зарубежье ал кырсыктын видеосун архивден алып жарыялады.
Жердин ошол учурдагы силкинүүсүнүн күчү 9-10 баллга жеткен. Шаардагы жана анын айланасындагы курулуштардын урандыга айланышы үчүн бир мүнөт жетиштүү болгон.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, ал трагедиядан зыян тарткан кишилердин саны 110 миңден 170 миңге чейин чыккандыгы айтылган.
Атактуу кинооператор Роман Кармен Ашхабаддагы ошол кездеги силкинүүнүн кесепетин киноплёнкага түшүрүп калган.
30 секундда 25 миң киши өлгөн... Армениядагы зилзала тууралуу илимпоздун маеги