Жол акысына төлөм жүргүзүүчү "Тулпар" карточкаларын колдонууну калк арасына жайылтуу максатында мыйзам долбоору сунушталып, учурда Бишкек шаардык кеңешинин кароосунда турат. Бул тууралуу Максат Нусувалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда автобус, троллейбустарда жол акыны накталай төлөмдү 15 сомго көтөрүү сунушталган.
"Тулпар" картасын колдонууга шаардыктардын кызыкчылыгын арттыруу максатында дифференциялык тарифти киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Учурда коомдук талкуудан өтүп, Бишкек шаардык кеңешинин кароосунда турат. Анда автобус, троллейбустарда жол акыны накталай төлөмдү 15 сомго көтөрүү, ал эми карта аркылуу төлөм жүргүзүлсө 11 сом бойдон калтыруу сунушталган. Бул пенсия алган карыяларга жана мектеп окуучуларына тиешеси жок. Анткени аларга атайын тарифтеги карталар белгиленген. Мисалы, пенсионерлер үчүн бекер, ал эми окуучуларга ал карта менен төлөгөндө жол акысы 4 сом 80 тыйынга туура келет", — деди Нусувалиев.
Ал аталган сунуш шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапса, мэрия дароо ишке киргизүүгө даяр экендигин кошумчалады.