Талант Мамытов ЖК төрагалыгынан кеткен себебин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Талант Мамытов ЖК төрагасы кызматынан кетишине чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты.
Мамытов бүгүнкү жыйында билдирүү жасаган.
"Мен кызматтан кетүү боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Буга жакындагы окуя себеп болду. Аны кээ бир депутаттарыбыз айтып коомчулукка дагы чыгып кетти. Анда баарыбыз Баткенге кеткенбиз. Ошондо эле арыз жазып кетейин дегем. Бирок кесиптештерим айтып, токтотуп калды. Бул менин жеке чечимим. Бүгүндөн тартып төрагалык кызмат бош, мен кызматымды тапшырдым", — деди Мамытов.
Ал өз сөзүн айткандан кийин дароо залдан чыгып кетти. Мындан ары депутат катары ишин уланта берет.
Спикердин ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Нурлан Шакиев менен "Ынтымактан" Азиз Турсунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.
Каякты карап отурасыз?! Төрага Мамытов президенттин өкүлү Абытовду зекиди