Садыр Жапаров жергиликтүү сотторду дайындады

Судьялар Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунда иштей башташат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар жергиликтүү соттордун судьялары дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош орундарына жети талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
“Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Жапаров жети талапкерге тең макулдугун берди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Нарын облусу, Ат-Башы райондук соту:
Шерипов Улан Турганбекович.
Ысык-Көл облусу, Тоң райондук соту:
Талантбекова Аида Талантбековна.
Исаков Элдияр Пазылович.
Талас району, Кара-Буура райондук соту:
Асанова Элмира Орозобековна;
Асилова Индира Ашимжановна.
Бишкек, Ленин райондук соту:
Алиев Авчи Мустафаевич;
Осмонов Байымбек Абдилакович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды