Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Запорожье АЭСин Россиянын карамагына өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду

2028-жылдын 1-январына чейин орус өкмөтү ZNPP коопсуздугун камсыздоо үчүн финансылык жана башка ресурстарды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн аныктап, башка маселелерди чечиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Запорожье АЭСин РФтин карамагына өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду.
Кремлдин сайтында "Запорожье облусунун аймагында атомдук энергия тармагындагы укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" жарлык жарыяланды.
Путин өкмөткө мындай тапшырма берди:
Запорожье АЭСинин атомдук энергияны пайдалануучу объектилерди жана анын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алууну камсыз кылуу;
АЭСтин ядролук объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында "Запорожье АЭСи" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасын түзүүгө багытталган чараларды көрүү.
Жарлыкка ылайык, РФ министрлер кабинетине 2028-жылдын 1-январына чейин АЭСтин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн финансылык жана башка ресурстарды пайдаланууну жөнгө салуу, зарыл лицензияларды берүү жана ага байланыштуу башка маселелерди аныктоо тапшырылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин бошотулган аймактардагы референдумдун жыйынтыгына баа берди