Радио

Букуев: КФС калыстарды, машыктыруучуларды даярдоого басым жасайт

Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев футбол калысы болууну каалагандардын саны аз экендигин айтты.
Sputnik
Кыргыз футбол союзу футбол калыстарын, машыктыруучуларды даярдоого басым жасайт. Бул тууралуу Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерди тейлей турган калыс болууга кыздар да умтула баштады.
"Футбол калыстар мектебине" 2022-2023-окуу жылына карата кабыл алуу башталды. Мектеп 2011-жылдан тарта калыстарды даярдап, окутуп келет. Алардын катарында жергиликтүү жана эл аралык мелдештерди тейлеген калыстар бар. Быйыл жазында 36 бүтүрүүчү мектепти аяктап, учурда алардын көбү иштеп жатат. Окуу 7 айга чейин созулуп, теориялык, практикалык билим берилип, тажрыйба топтоо максатында алар беттештерге катыша баштайт. Мындан тышкары, "C" жана "В" категориялары боюнча машыктыруучуларды даярдап келебиз. Кыргыз футбол союзу калыстарды, машыктыруучуларды даярдоого басым жасап, алардын санын көбөйтүүгө аракет көрөт", — деди Букуев.
Ошондой эле адис калыстардын айлык акысы жогору болбосо да, дүйнө кезип ири мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.