Мамытов ЖК төрагалыгынан кетти. Ордуна ким келиши мүмкүн?

Редакциянын маалымат булактары эки кишинин талапкерлиги аталып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетти. Бул тууралуу ал парламентте сүйлөп жатканда билдирип, бирок себебин ачык айткан жок.
Ал кесиптештерине ыраазылыгын билдирип, парламент мындан ары да өлкө үчүн маанилүү болуп келген чечимдерди кабыл ала берерин кошумчалады.
Редакцияга маалымат берген депутаттар анын ордуна эки кишинин талапкерлиги аталып жатканын, алар — Нурланбек Шакиев же Азиз Турсунбаев деп айтышты. Экөө тең "Ата-Журт" фракциясынын мүчөлөрү.
Каякты карап отурасыз?! Төрага Мамытов президенттин өкүлү Абытовду зекиди