"Макмал алтын" комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголду

Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары комбинаттын филиалын текшеришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы "Кыргыз алтын" ААКка караштуу "Макмал алтын" комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголгонун билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары комбинаттын филиалын текшеришкен.
"Анда "Макмал алтын" комбинаты жана "Кыргыз алтын" ААКтын "Кыргыз алтын-курулуш" филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 миллион 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кочкор-Атада бир үйдөн 1 млн. сомдук зер буюм, автомат уурдап кетишкен. Видео