Бала мүнөз, бой көтөргөн... Кандай эркектер үйлөнбөй калары айтылды

Жалгыз бой жүрүп жашы өтүп кеткендер жашоосунда саналуу кишилер менен гана жакшы мамиледе болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Көпчүлүк учурда бала мүнөз, бой көтөргөн же киши менен тил табыша албаган эркектер үйлөнбөй калышат. Бул тууралуу коомдун саламаттыгы боюнча адис, психолог, медицина илимдеринин кандидаты Светлана Молчанова "Доктор Питер" сайтына берген маегинде айтты.
"Мындай адамдар үй-бүлө күтүп, очор-бачар боло албаганы менен өмүр бою апасы менен жашай берет. Адатта энеси ага жубай таба албай убара болуп, ал эми баласы эч кимди жактырбайт. Аялдардын басымдуу бөлүгү аларга жеңил ойлуу же тажаал көрүнөт", — деди адис.
Минтип жалгыз бой жүрүп жашы өтүп кеткендер жашоосунда саналуу кишилер менен гана жакшы мамиледе болот. Адатта бул көп жылдан бери чогуу иштешкен кесиптеш, бала кезден берки дос же апасы. Ошол адамдар менен сырдашып, башкалардан өздөрүн өтө оолак кармашат.
Бирок адис алар бир аз ичимдик ичкен соң бир топ ачылып сүйлөп берерин айтат. Алагүү болуп калганда өзүн абдан жакшы сезип, болгон жан дүйнөсүн ачып берет.
Адис унутчаактыктын таң калычтуу себебин атады