БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ижарага алынган турак жайдан чыгарылган жарандар юридикалык кеңеш алуу үчүн Юридикалык жардам кызматына кайрыла алат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Аталган борбор Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн. Ал жердеги юристтер жана жактоочулар турак жайларды ижарага алуу маселелери боюнча квалификациялуу кеңештерди беришет", — деп айтылган маалыматта.
Министрликтен бардык суроолор боюнча Бишкек шаарындагы Жибек жолу проспектиси, 381, 3-кабат дарегине, 0 555 808 270 телефондоруна кайрылууга болорун айтышты.
Ал эми кененирээк маалыматты сайтынан алууга болот.