"Электр станциялары" компаниясына жаңы жетекчи келди. Таржымалы

Жаңы башчынын аталган тармакта бай тажрыйбага ээ экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы негизги компаниялардын бири "Электр станциялары" ачык акционердик коомун Айбек Айдаралиев жетектемей болду. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Айдаралиев Улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп дайындалган Таалайбек Байгазиевдин ордуна келди.
Жаңы директор 48 жашта, жогорку билимдүү. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүрдөгү технологиялык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2000-2008 — инспектор, участоктун жетекчиси, "Түндүк электр" ААКнын улук инспектору;
2008-2021 — бөлүм башчы, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын башкы инженеринин орун басары;
2022 — "Электр станциялары" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары;
2022 — "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" директорунун Оштогу ишканасынын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары;
2022-жылдын октябры — "Электр станциялары" ААКнын башкы директору.
"Электр станциялары" — Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 98 пайызы туура келген ири ишкана. Компаниянын курамына жети ГЭС, эки ТЭЦ жана "Бишкек жылуулук тармактары" кирет.
Иштен алынган министрлердин ордуна жаңылары дайындалды. Тизме