Батыш РФ мунайынын баасына чек коюуну пландоодо. Москва контрчабуул жасашы мүмкүн

Россия, Сауд Арабия жана ОПЕК+ уюмуна мүчө башка мамлекеттер бааны кармап туруу үчүн кара алтынды өндүрүүнү кыйла кыскартууну пландап жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Россияга каршы санкциялардын жаңы пакетин макулдашты. Анын ичинде мунайдын баасына лимит киргизүү да бар экенин европалык дипломаттар билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага ылайык, аткаминерлер санкциялардын сегизинчи пакети боюнча макулдашууга жетишип, тексттин акыркы версиясын 5-октябрда бекитишмекчи.
Буга чейин The Wall Street Journal гезити расмий өкүлдөрдүн айтымына таянып Евробиримдик Россиянын мунайына болгон баага чекти эки этап менен бекитиши мүмкүн экенин билдирген. Бирок европалык саясатчылар "Чоң жетиликтин" бардык мамлекеттери даяр болмоюнча документтин акыркы версиясын токтото турары божомолдонду.
27-28-июнда өткөн саммитте "Чоң жетиликке" мүчө мамлекеттердин финансы министрлери Россиянын газ, мунайына көз карандылыкты азайтып, Москва сатып жаткан кара алтын менен көгүлтүр оттун баасына чектөө коюуну макулдашкан. Ал эми сентябрда мунайдын баасына чек киргизүүнү бекитишкен. Евробиримдиктин мындай кадамына Москва жооп берип, лимит колдоно турчу мамлекеттерге Россиядан кара алтын экспорттолбой турганын эскертти.
Ал арада сенатор Алексей Пушков Telegram-каналы аркылуу Россиянын жана ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн экенин айтып, бул Батыштын газ, мунайдын баасына чек коюу чечимине каршы жооп болорун билдирген. Сенатор энергетикалык согушка эми жаңы мамлекеттер да аралаша баштаганын белгиледи.
Буга чейин Financial Times гезити ишенимдүү булактарына таянып Россия, Сауд Арабия жана ОПЕК+ уюмуна мүчө башка мамлекеттер бааны кармап туруу үчүн кара алтынды өндүрүүнү кыйла кыскартууну пландап жатканын маалымдаган.
Сенатор Пушков "Россия менен согушууга даярбыз" деген Польша элитасына кайрылды