Бишкекте теннис боюнча республиканын чемпионаты өтөт

Спорттук иш-чарага 12 жаштан 30 жашка чейинки каалоочулар катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаада теннис боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлады.
Мелдеш 15-18-октябрь күндөрү "Тай Брейк" теннис клубунда болот.
Чемпионатка спорттук разряддарга ээ 12 жаштан 30 жашка чейинки каалоочулар катыша алат.
Турнирдин максаты — теннис спортун жайылтуу, элди спорт менен машыгууга үндөө, спортчулардын тажрыйбасын арттыруу, ошондой эле курама командага күчтүү спортчуларды тандап алуу.
Бишкекте футбол боюнча эл аралык үч матч өтөт. Видео