Байден президенттик шайлоодо кайрадан талапкерлигин коёрун айтты

АКШдагы кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылга туш келет, бул учурда Байден 82 жашта болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жо Байден мөөнөтү бүткөн соң кайрадан президенттикке талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал укук коргоочу жана теле алып баруучу Эл Шарптон менен болгон маегинде айтканын NBC телеканалына таянуу менен РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Байден бул тууралуу сентябрь айында айткан.
Телеканалдын билдиришинче, буга чейин Байдендин тарапташтары кийинки президенттик шайлоого катышуусун айтып келишкени менен өзү эч нерсе дей элек болчу.
"Washington Post гезити жана ABC News телеканалы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, АКШнын Демократиялык партиясынын колдоочуларынын жарымынан көбү 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого Байдендин талапкер катары катышуусун колдошкон эмес. Демократтардын жана анын тарапташтарынын 56 пайызы кийинки шайлоо учурунда 82 жашка чыга турган Байдендин ордуна башка талапкерди чыгарууну каалаганы белгилүү болгон. Жаш демократтар арасында мындай пикир көп кездешкен, алардын 75 пайызы башка талапкер болсо деген оюн билдиришкен. Байдендин кайрадан президенттикке баруусун сурамжылоого катышкан демократтардын 35 пайызы гана колдогон", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Жо Байден 2021-жылы АКШнын 46-президенти болуп шайланган.
ЖМК: АКШнын президенти Байденге импичмент жарыялоого камылга башталды