Жол эрежеси: арзандатылган айып пулдун мөөнөтүн узартып, туумду жоюу сунушталды

Эл өкүлдөрү жыйында айдоочулар айып пул жана туумдан кыйналып жатканын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандыгы боюнча айып пулга кошулган туумду алып салууну сунуштады.
ИИМдин бул демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иштөө боюнча комитетинин жыйынында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирген.
Эл өкүлдөрү жыйында айдоочулардын айып пул жана туумдан кыйналып жатканын айтышкан.
Мындан улам Исраилов туумду алып салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдаган. Ошондой эле мыйзам долбоордун демилгечилери жеңилдетилген айып пулдун мөөнөтүн 15 күндөн бир айга чейин узартууну сунуштап жатышат.
Эске салсак, эреже бузган айдоочуга 1 000 сомго айып пул жазылса, 15 күндүн ичинде 70 пайыз арзандатуу менен 300 сом төлөсө болот.
Демилгечилер туум алынган соң айдоочуларды кантип айып пул төлөтөрүн так көрсөтүшкөн эмес.
Бишкек менен Чүйдүн жолдорунда көчмө камералар кайра алынды. Себеби