Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Акылбек Жапаров ЖККУнун баш катчысы Засты кабыл алды. Эмне сөз болду

Кыргызстандын жарандык коомунун уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо жамааттык коопсуздукту кандайча талкуулоого болот деген суроосу негиздүү болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алып, Кыргызстанга Тажикстандын кирип келиши туурасында да маалымат берген.
1 / 3

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алып, Кыргызстанга Тажикстандын кирип келиши туурасында да маалымат берген

2 / 3

Министрлер кабинетинин башчысы Тажикстан тараптын бул кол салуусу кыргызстандык 62 адамдын өмүрүн алып кеткендигин, 198 адам жарадар болгондугун айтты

3 / 3

Ал Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүнүн тарапкери болуп келгендигин жана бул нерсени ар дайым карманарын айткан

Министрлер кабинетинин башчысы Тажикстан тараптын бул кол салуусу кыргызстандык 62 адамдын өмүрүн алып кеткендигин, 198 адам жарадар болгондугун айтты.
"Тажик тараптын кол салуусунун натыйжасында Кыргызстандын Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Тактап айтканда, 12 мектеп, 11 бала бакча талкаланып, 612 үй дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Кыргызстандын 63 карапайым жана аскер кызматчысы, 198 адам жарадар болуп, 142 миңден ашык адам эвакуацияланды", — деп баса белгилеген Акылбек Жапаров.
Ал Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүнүн тарапкери болуп келгендигин жана бул нерсени ар дайым карманарын айткан.
"Бул — биздин өзгөрүлгүс позициябыз. Бирок биз аймактык бүтүндүгүбүзгө жана эгемендүүлүгүбүзгө кол салууга жол бербейбиз. Бизге башка бирөөнүн жери керек эмес, бирок өзүбүздүкүн бербейбиз. Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет. Мүчө-мамлекеттер менен кагылышуулар болуп жатат", — деген Жапаров.
Ал Кыргызстандын жарандык коомунун уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо жамааттык коопсуздукту кандайча талкуулоого болот деген суроосу негиздүү болуп жатканын кошумчалаган.
Станислав Зась кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көңүл айтып, мындан ары мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин белгилегенин билдиришти.
ЖККУнун башкы катчысы "кыргыз тараптын маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө көңүл бургандыгын жогору баалаарын" айткан.
Бишкекке ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась келип, аны менен ТИМ башчысы жолукту