БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугуп, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, учурдагы жана жаңы чакырыктарга, коркунучтарга натыйжалуу реакция кылуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Иманкулов менен Зась кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечегин талкуулашкан.
Иманкулов Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун потенциалын жана беделин чыңдоого конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирген.
Эске салсак, Зась бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугуп, коопсуздук, чек ара маселелери боюнча бир топ сөз болгон.