Радио

Арзыбаев: жерди туура пайдаланбаган дыйкандар көп

Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди, сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Бишкек башкармалыгынын улук инспектору Бексултан Арзыбаев жерди туура пайдалануу боюнча атайын маалыматтык кампания керектигин айтты.
Sputnik
Жер жана суу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында 2021-жылдын августунан тарта Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат иштеп жатат. Бул тууралуу Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызмат жерди жана сууну колдонууда укук бузууларды алдын алуу, бөгөт коюу жаатында иштеп, бир катар ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
"Жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында 2021-жылдын августунан тарта Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат иштеп жатат. Жерди туура иштетүү аркылуу айлана-чөйрөгө, экологияга зыян келтирбей иш алып баруу абдан маанилүү. Акыркы учурларда жерди, сууну туура пайдаланбаган дыйкандар, ишкерлердин саны көбөйдү. Мисалы, жерди жакшыртуу, топурактын эрозиясын, шор басышын, сазга айлануусун, суу басышын, чөлгө айланышын, кургакчылыкка учурашын, катып калышын, булганышын жана жердин деградация болушуна алып келүүчү башка процесстердин кесепетин алдын алуу үчүн иштер жасалышы кажет. Бул жаатта маалыматтык кампания уюштурулуп, түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүшү кажет", — деди Арзыбаев.
Ошондой эле адис жерди жана сууну көзөмөлдөө багытында инспекторлордун санын көбөйтүп, ишти жөнгө салууга болорун кошумчалады.