Радио

Итибаев: туроператорлор каалагандай билим ала албай жатышат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев Кыргызстанда туризм тармагында иштеген билимдүү адистерди көбөйтүү менен туристтердин санын да жогорулатса болорун айтты.
Sputnik
Кыргызстанда иштеп жаткан туроператорлор өздөрү каалагандай билимге ээ боло албай жатышат. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Биз туроператорлор менен иштешүү үчүн атайын жумушчу тобун түзгөнбүз. Тилекке каршы, алар туризм тармагында иштегенге алган билими жетишсиз болгонун айтышууда. Туризм академиясында 4-5 жыл окуп, бирок Түркия сыяктуу чет жерге чыкканда алар адистиги боюнча жумушка орношо албай жатышат. Жогорку билими бар туруп айрымдар бармен, официант сыяктуу жумуштарда иштөөдө", — деди Итибаев.
Ал аталган фонд Кыргызстанда туризм тармагында билим берген окуу жайлар менен биргеликте туроператорлордун чогуу диалогго баруусуна шарт түзүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады. Итибаевдин айтымында, туризм багытында билим алгандарга тажрыйба топтоону өлкө ичинде деле сапаттуу кылып уюштурса болот.