Песков Россия өзөктүк куралды сынашы мүмкүн деген имиштерге жооп берди

The Times басылмасы мурдараак НАТО өзүнүн мүчө өлкөлөрүнө Россия Украина менен чектешкен жерде өзөктүк куралды сынашы мүмкүн деп эскерткенин жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Россия Батыштан айырмаланып өзөктүк куралдар риторикасы менен алектенбейт. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков маалымат жыйын учурунда The Times гезитинин макаласына комментарий берип жатканда айткан.
"Батыштын ЖМКларында, саясатчыларында, мамлекет башчыларында өзөктүк куралдардын риторикасы боюнча өтө көп көнүгүүлөр бар. Биз ага катышууну каалабайбыз", — деген Песков.
The Times басылмасы мурдараак НАТОнун Түндүк альянстын мүчө өлкөлөрүнө Россия Украина менен чектешкен жерде — Кара деңизде өзөктүк куралды сынашы мүмкүн деп эскерткенин жазган. Макалада РФ мындай жол менен массалык кыргын салуучу куралды колдонууга даярдыгын көрсөтөт деген негизсиз жыйынтык чыгарылган.
РФ элчиси: АКШ "Россия өзөктүк коркунуч жаратууда" деп дүйнөнү адаштырып жатат