Ноябрда кыргызстандыктар катары менен төрт күн эс алат

Ноябрь айында эки майрам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар ноябрда катары менен төрт күн эс алат.
Эмгек, социалдык жактан коргоо жана миграция министрлигинен Эмгек кодексине ылайык, 7-8- ноябрь майрам — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан эс алуу деп эсептелерин айтышты.
Бул майрамдар дүйшөмбү, шейшембиге, ал эми анын алдындагы 5-6-ноябрь (ишемби, жекшемби) дем алышка туура келген.
Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болот? Календарь