Москвадагы мекендештер жиу-житсу боюнча өлкө чемпионатына катышты. Сүрөт

Турнирдин максаты Россияда иштеп жүргөн мекендештерди курама командага тандап, Азия жана дүйнө чемпионаттарына катыштыруу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Москва облусунда жиу-житсу боюнча биринчи жолу Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу КРдин Жиу-житсу федерациясы кабарлады.
1 / 3

Москва облусунда жиу-житсу боюнча биринчи жолу Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлдү

2 / 3

Турнирди федерация уюштуруп, мелдешти өткөрүүгө уюмдун президенти Абдурахман Муртазалиев жана вице-президент Сапарбек Акматов барган

3 / 3

Россияда болгон Кыргызстандын чемпионатына жүздөн ашуун спортчу катышкан.

Турнирди федерация уюштуруп, мелдешти өткөрүүгө уюмдун президенти Абдурахман Муртазалиев жана вице-президент Сапарбек Акматов барган.
Россияда болгон Кыргызстандын чемпионатына жүздөн ашуун спортчу катышкан.
"Турнирдин максаты — Россияда иштеп жүргөн мекендештерди колдоо, таланттуу спортчуларды табуу жана аларды курама командага кошуп Азия жана дүйнө чемпионаттарына катыштыруу", — деп жазылган маалыматта.
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланган.
Кыргызстандык футболчуну дүйнөнүн эң таланттуу жаш оюнчусу деп атады