Россия ЖККУдан аскер сурады деген кабар — фейк! Элчилик билдирүү таратты

Дипмиссиядан мындай фейк кабарлар бир гана максатты – элди дүрбөлөңгө салууну көздөй турганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. – Sputnik. Социалдык тармактарга Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин ЖККУнун башкы катчысы Станислав Заска Донбасска аскердик жардам сурап кайрылды деп тараган маалымат — фейк. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Чагымчылык максатта таратылган маалыматка алдырбоого жана расмий таратылган билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз", — деп кайрылышты элчиликтен.
Дипмиссиядан мындай фейк кабарлар бир гана максатты — элди дүрбөлөңгө салып, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосуна жик түшүрүүнү көздөй турганын айтышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: Россияда жүргөн кыргызстандыктар аскердик кызматка чакырылган жок