Радио

Абдыракманова: "Салык чек" лотереясынан кийин жаңы долбоор башталат

Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору Жаннат Абдыракманова "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү туру 31-декабрь күнү өткөрүлөрүн айтты.
Sputnik
Лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет. Бул тууралуу Жаннат Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Мамлекеттик салык кызматы жаңы иштөө деңгээлине өтүп, жаңы функцияларды киргизип жатат.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы аяктагандан кийин Салык кызматы жаңы долбоор баштайт. Ал лотереяга карганда узагыраак жана кызыктуу болору күтүлүүдө, тарыхыбыздагы биринчи ирет өткөрүлүп жаткан долбоор болот. Азыр дүйнө жүзүндөгү өнүккөн мамлекеттер колдонуп жаткан кэшбек (акчаны кайра кайтарып берүү) системасын эми биз дагы колдонобуз. Мындайча айтканда, ушул эле тиркемени дагы жакшыртып, жаңы функцияларды кошуп, көрүнүшүн, иконкасын өзгөртөбүз. Катышуучу ар бир сканерден өткөн чекти топтойт. Бир ай, квартал же бир жылдан кийин топтолгон чектерине жараша кандайдыр бир пайызы ошол катышуучуга кайтарып берилет. Лотереяда миллиондогон катышуучунун ичинен бирөөнө гана ийгилик жылмайса, кэшбек системасы аркылуу ар бир катышуучу пайда көрөт. Канчалык чекти көп топтоп, активдүү болсо кайтарылып берилген сумма ошончолук чоң болот. Мамлекеттик салык кызматы жаңы иштөө деңгээлине өтүп, жаңы функцияларды киргизип жатат. Көмүскө экономикадан чыгуу үчүн салык төлөөчүлөрдү кызыктырган ар кандай долбоорлорду иштеп чыгуудабыз", — деди Абдыракманова.
Ал "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы башталгандан бери салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги жогорулап, ал эми кыргызстандыктардын салык жаатында билими өскөнүн кошумчалады.