Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөккө кар жаады. Министрлик айдоочуларга кайрылды

Мекеме машина ээлерине алыскы жолго жайкы дөңгөлөк менен чыкпоону эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги ашууларга кар жааганын маалымдап, айдоочуларды этият болууга чакырды.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, кар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына жааган. Мындай аба ырайынан улам Бишкек — Ош, Талас — Тараз — Суусамыр жолдорунда транспорт үчүн кыймыл кыйындады. Жол ишканаларынын жумушчулары автоунаалардын жүрүүсүн жеңилдетүү үчүн жолго кум, туз себүүдө.
"Эгер жолго чыга турган болсоңор, жайкы дөңгөлөктү кышкыга алмаштырып, чынжыр салып алыңыздар. Ошондой эле аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай айдаңыздар", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызгидромет апта ичи бийик тоолуу жерлерге кар жаай турганын эскерткен.
Кар жаабайбы? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы