Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Украинанын Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартышы боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киевдин Москва менен сүйлөшүүдөн баш тартышы боюнча маалыматка комментарий берди.
Кремлдин өкүлү Украина менен сүйлөшүү үчүн азыркы президент Владимир Зеленскийдин же анын ордун баскан кишинин позициясынын өзгөрүшүн күтүүгө туура келерин айтты.
Зеленский мурдараак Улуттук коопсуздук жана коргонуу кызматынын кеңешинин Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместиги боюнча чечимин күчүнө киргизген жарлыкка кол койгон.
"Азыр эмне демек элек? Же азыркы президенттин позициясынын өзгөрүшүн же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн позициясын өзгөрткөн жаңы жетекчисин күтөбүз", — деп Песковдун айтканын РИА Новости жазган.
Песков Россия өзөктүк куралды сынашы мүмкүн деген имиштерге жооп берди