Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча планын сунуштады

Ал кокус чоң согуш чыгып кете турган болсо, Киевдин жеңишинен күмөн санаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Twitter баракчасына Украинадагы кырдаалга байланыштуу оюн билдирип, кокус чоң согуш чыгып кете турган болсо, Киевдин жеңишинен күмөн санаарын жазып, тараптарды тынчтыкка чакырган.
РИА Новости жазгандай, миллиардер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзүнүн планын сунуштаган. Анда жазылгандар:
Россияга кошулган аймактарда БУУнун көзөмөлүндө кайра референдум өткөрүү;
Крым расмий түрдө Россиянын карамагында кала берет;
Крымды суу менен камсыз кылууга кепилдик берүү;
Украина нейтралдуу статусту кабыл алат.
Масктын мындай билдирүүсүнөн кийин Зеленский колдонуучулар арасында "Россияны колдогон Илон Маск көбүрөөк жагабы же Украинаны колдогонбу" деген сурамжылоо жүргүзгөн.
Сурамжылоонун алдына Илон Маск пикир калтырган.
"Мен Украинаны колдойм. Бирок согуш тутанып кетсе ал Украинага да, дүйнө жүзүнө да чоң залакасын тийгизет деп ойлойм", — деп жазган Маск.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Масктын Украинага байланыштуу сөздөрүн какшыктап, ишкер кезексиз офицер наамын алышы керектигин, бирок ал эрте кадам жасап алганын жазган. Ал эми Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий Маск Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу планы менен АКШнын президенти Жо Байдендин саясатынын бардык шаблонун бузуп жатканын айткан.
НАТОдогулар альянстын Киевге жардам берүүдөн баш тарткан себебин түшүндүрдү