Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы пара алды деп кармалды

Ушу тапта шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешесинин бар-жогу аныкталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алды деп шектелип кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта аталган кызматтын төрагасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жумушка орноштуруу үчүн акча талап кылганы айтылат.
Сентябрдын соңунда аталган факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин ("Пара алуу") негизинде кылмыш ишин козгогон. Ошол эле күнү кылмышка шектелип Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы Р.С.Ибрагимов колго түшүрүлгөн.
"Ушу тапта шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешесинин бар-жогу аныкталып жатат. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ибрагимов №1 тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө уланууда.
Бишкекте милициянын капитаны пара алып жатып кармалды. Сүрөт