БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Донецк Эл Республикасынын жашоочулары конституциялык соттун чечими менен Россиянын жараны деп таанылгандан кийин РФтин паспортун алуу үчүн кезекке тургандардын саны арбыды. Бул тууралуу РИА Новости Telegram-каналына жарыялады.
Миграция кызматы референдумдан кийин документтерин тариздөөнү каалагандардын саны көбөйгөнүн тастыктаган.
РФтин паспортун алууга келгендер көптөн бери документтерин алмаштырууну самап жүргөнүн, өздөрүн дайыма Россиянын бир бөлүгү катары эсептеп келгенин айтышкан.
ДЭРде Россиянын паспорттору бир нече жылдан бери берилип келет, жыл сайын бул процедураны жеңилдетүүнүн аракеттери көрүлөт. Мурун Донецкинин жарандарына эле берилчү, анан бул үчүн РФ аймагына барыш керек болчу. Эми аны Украинанын жараны болуп туруп деле, ошондой эле жашаган жери боюнча алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Тагыраагы, Россияга барбай Донецкиден алышат.
Донецк Эл Республикасынын Россиянын курамына кирүү жөнүндөгү конституциялык мыйзамына ылайык, Донецкинин, Украинанын жарандары, ДЭРде жашаган же анын аймагынан чыгып кеткен жарандыгы жок адамдар жана алардын жашы жете элек балдары Россиянын жарандыгын ала алат.