Бишкекте 12 кабат үй мыйзамсыз курулуп, тергөө башталды

Курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын алгач Октябрь райондук прокуратурасы текшерген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Медеров (Матросов көчөсү менен кесилишет) көчөсүндөгү 12 кабаттуу үй мыйзамсыз курулгандыктан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Алгач Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерүүгө алынган.
"Текшерүүдө "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эксперттик комиссиясынын кызматкерлери шаар куруу жана өрт коопсуздугу талаптарын эске албай, жанаша турган жерлердин ээлеринин конституциялык укуктарын бузуп Медеров көчөсүнүн Матросов менен кесилишиндеги 12 кабат турак жайдын курулушуна уруксат кагаздарын берип коюшкандыгы аныкталган", — деп айтылган маалыматта.
Бул факты боюнча прокуратура аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.
Мэрия депутат Элмурза Сатыбалдиевдин короосун баары бир түрттүрдү. Видео