Кыргызстанда байланыш операторуна 65 миң сом айып салынды

Мекемеге калаа тургуну кайрылып, оператор элди алдап койгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Нур Телеком" байланыш операторуна 65 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мекемеге калаа тургуну кайрылып, оператор элди алдап акча жасаганын айткан.
Алардын жарнамасы боюнча, UFC 275 беттеши Setanta Sports 1 телеканалында O!TV тиркемеси аркылуу көрсөтүлүшү керек эле. Кеп UFC чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко менен Тайла Сантостун беттеши тууралуу болууда. Анда "Премиум" пакетине кошулса кармашты түз эфирден көрө аласыңар деген шарт коюлган. Арыз ээсинин айтымында, эл каналга жарнамада көрсөтүлгөн убакытта кошулган, бирок беттеш өз учурунда көрсөтүлгөн эмес.
"Мындай жол менен компания жөнөкөй көрүүчүлөрдөн акча жасап, аларды алдап койгон. Бул О! түйүнүн абоненттеринин нааразычылыгын жаратты", — жазылат билдирмеде.
Арыздар каралган соң байланыш операторуна ири көлөмдө айып пул салынган.
Бишкекте эркек кишини 18 миң долларга алдап кеткен деп 29 жаштагы кыз кармалды