6-октябрда Бишкектин эки кичи районундагы үйлөргө суу берүү токтотулат

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбор калаанын түштүгүндөгү кичи райондордо 6-октябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин суу берүү токтотулат.
Мэриянын маалымат кызматы 12-кичи райондогу №12/1, 13/1 жана 11-кичи райондогу 14/1 үйлөрү суусуз каларын айтты.
Бул иштердин насостук станциянын жана шаардык суу тармактардын кубаттуулугун арттыруу үчүн жасалып жатканы айтылды. Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурады.
Ноябрда кыргызстандыктар катары менен төрт күн эс алат