5-октябрга карата аба ырайы

5-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү Кыргызстанда абанын эң жогорку температурасы +25 градус болот. Республиканын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаарын Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +15...+20, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Нарын жергесинде +10...+15 градус болору айтылды.
Борбор калаада жана Ошто күн ачык болот. Термометр Бишкекте +18...+20 жана Ош калаасында +21...+23 градусту көрсөтөт.
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөккө кар жаады. Министрлик айдоочуларга кайрылды