Кыргыз 100 сому өзүнүн баасынан жүз эсе кымбат сатылууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 100 сомдук купюра Россиядагы белгилүү интернет-тоорука коюлду.
Бул 100 сомдук — 2002-жылы басылган үчүнчү сериядагы акча. Баштапкы баасы 7 400 рубль (Улуттук банктын курсу менен алганда 9 945 сом) деп бааланды, тагыраагы, өзүнүн наркынан 99,5 эсе көп сатылууда.
Банкнотанын мындай кымбат болушуна себеп жараксыз болуп калган акчалардын ордуна колдонууга болчу артыкчылыгы экени айтылды. Бул 100 сомдуктар аз болгондуктан коллекционерлер тарабынан кымбат бааланат.
50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда. Себеби